00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгы салынат — кайсы товарларга тиешелүү?
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Обязательная доля: кому закон присудит наследство вопреки вашей воле - объясняет юрист
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как понять что ваша усталость превратилась в тревожное расстройство
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мигрант болуп акча табам десем ата-энем көнбөй окутту – Комузчу Курманбек Жалил уулу менен маек
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
21:07
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

500 миң доллар салган инвесторго кыргыз жарандыгын берүү мыйзамы демилгеленди

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ доллар пачкалары. Архив
АКШ доллар пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Эгер үй-бүлө мүчөсү да атуулдук алууну кааласа, ар бири өлкөгө 50 миң доллардан инвестиция кылышы шарт.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Мамлекетке 500 миң доллар инвестиция салган чет элдиктерге Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
"Инвестициялар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" деп аталган документти Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Максаты — Кыргызстанга каражат тартуу жана инвестициялык абалды жакшыртуу. Анткени жарандык алуу үчүн чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адам өлкө аймагында жашоого, мамлекеттик же расмий тилди билүүгө милдеттүү болбойт. Бирок аларга материалдык түрдө талаптар коюлууда, аларды аткаруу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошушат.
Инвестициялар үчүн жарандык алган адамга КРге тоскоолдуксуз келип-кетүүгө шарт түзүп, бул жакта банктык операцияларды жүргүзүүдө, салык төлөөдө жеңилдиктер каралат.

Жарандык алуунун "акысы"

Биринчи болуп жарандык алууну каалаган чет элдик Кыргызстанга 500 миң доллардан кем эмес инвестиция салышы шарт. Эгер анын үй-бүлө мүчөлөрү да кыргыз жараны болууну кааласа, төмөнкүдөй суммада инвестиция кылышы керек:
ата-энеси (атасы, апасы) – 50 000 доллар;
Жубайы – 50 000 доллар;
18 жашка чыга элек балдары – ар бири 20 000 доллардан.
Атуулдук берүүдө мамлекеттик пошлина 3 000 доллар, эгер чет өлкөдөгү элчилик аркылуу кайрылса, консулдук пошлина 5 000 долларды түзөт.
Инвестициялар үчүн жарандык алуу үчүн төмөнкү тармактарга беш жылдан кем эмес убакытка каражат салуу талап кылынат:
Кыргызстандын банктарына депозит салуу;
Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү, анын ичинде коммерциялык уюмдардын мүлкүндөгү акцияларды, үлүштөрдү менчикке сатып алуу;
IT-индустриясындагы стартаптарга жана экономиканын башка тармактарына;
Өлкөнүн айрым аймактарын өнүктүрүү үчүн министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан инвестициялык программаларга.
Демилгечи депутат мындай тажрыйба Россия, Австрия, Болгария, Камбоджа, Иордания, Мальта, Черногория жана Түркия сыяктуу мамлекеттерде да колдонуларын жазган.
Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Бюджет, салык, бажы ставкалары өзгөрөт. Өкмөттүн кризиске каршы демилгеси
Жаңылыктар түрмөгү
0