Бишкекте BMW автокрандын астына кирип кетти. Кырсыктын видеосу

Окуя өткөн түнү Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте BMW үлгүсүндөгү жеңил унаа автокрандын астына кирип кетти. Кырсык болгон учур видеого түшүп калган.
Кырсык өткөн түнү саат 00:40та Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Автокранды 25 жаштагы, жеңил унааны 24 жаштагы айдоочу айдап бара жаткан.
Натыйжада BMW унаасындагы эки адам жабыркаган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Төрт киши мүрт кетти. Кочкордогу үрөй учурган кырсыктын видеосу