Радио

Бакиров: пара спортчуларды таанытуу иши жакшы жүрбөй жатат

Бишкек мэриясына караштуу Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин теннис, паралимпиада жана күч спорт түрлөрү боюнча директору Шейшенкул Бакиров материалдык базанын жоктугу спортчуларды кыйнап жатканын айтты.
Sputnik
Майып спортчулар үчүн керектүү шарты бар спорттук имарат жана машыгуу үчүн бардык жабдыктар каралбай жатат. Бул тууралуу Шейшенкул Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пара спортчулардын кадырын көтөрүп, алардын коомдогу орду, ийгиликтери тууралуу коомчулукка маалымат жетпей жатат.

"Кыргызстандык пара спортчулар шарттын толук түзүлбөгөнүнө карабастан эл аралык мелдештерде өз аракеттери менен ийгиликтерге жетип жатышат. Бизде абдан таланттуу балдар бар. Керектүү шарты бар спорттук имарат жана машыгуу үчүн бардык жабдуулар каралбай жатат. Алар болсо бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат эле. Мисалы, кыздар үчүн өзүнчө кийинүүчү жайлар жокко эсе. Ал эми акыркы учурларда пара спортко кыздар да келип, күчүн сынап жатышат. Мисалы, Миргүл Болоталиева пара пауэрлифтинг боюнча Дубайда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө кубогунун жана Грузияда өткөн дүйнө чемпионатынын катышуучусу. Акыркы учурларда жакшы көрсөткүчтөргө жетип, ийгиликтүү машыгууларды өткөрүүдө. Пара спортчулардын кадырын көтөрүп, алардын коомдогу орду, ийгиликтери тууралуу коомчулукка маалымат жеткирүүгө көңүл буруу керек", — деди Бакиров.

Ошондой эле адис приоритеттүү пара спорттун түрүн аныктап, окуу-машыгуулардын сапатына көңүл бурсак жакшы жыйынтыктар болорун кошумчалады.