БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкекте ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, милициянын майору 200 миң сом акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, милиция кызматкери ортомчу аркылуу кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң доллар талап кылган. Ортомчу дагы шектүү катары кармалган.
Аталган иш УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөнү айтылды.