БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россия Евробиримдиктен санкцияларды алып салууну суранбайт, өлкөнүн запасы жетиштүү, Евросоюз менен жашоо бүтүп калбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Жалпы европалык кызматташуу боюнча департаментинин директору Николай Кобринец айткандыгын РИА Новости билдирди.
"Санкцияларды алып коёсуңарбы деп суранып, өтүнүп чыкпайбыз. Кошумча мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Евробиримдик ааламдын борбору эмес, аларсыз күн бүтүп калбайт", — деди дипломат.
Россия 24-февралдан тарта Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу боюнча атайын операцияны баштаган. Батыш буга жооп кылып Москвага карата масштабдуу чектөөлөрдү койду. Санкция биринчи иретте банк сектору менен жогорку технологияларды ташып келүү жолдоруна салынды. Бир катар атактуу бренддер өлкөдө ишин токтоткондугун билдиришти.
Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп жарыялады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирди. Россиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Аны менен катар эле бийлик касташкан өлкөлөргө алган газы үчүн акысын рубль менен төлөйсүңөр деген талапты койду. Мындан сырткары, өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдагандыгын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.