https://sputnik.kg/20220401/rossiya-evrobirimdikten-sanktsiyalardy-aluunu-suranbay-turgandygyn-otundu-1063309689.html
Россия Евробиримдиктен санкцияларды алууну суранбайт
Россия Евробиримдиктен санкцияларды алууну суранбайт
Sputnik Кыргызстан
РФ өкмөтү жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы план даярдаган. Финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды. 01.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-01T10:13+0600
2022-04-01T10:13+0600
2022-04-01T10:13+0600
дүйнөдө
россия
санкциялар
экономика
банк
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/04/01/1063309099_0:0:3113:1751_1920x0_80_0_0_8b3fd1c1a1d2bf2bda2ee63549beea18.jpg
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россия Евробиримдиктен санкцияларды алып салууну суранбайт, өлкөнүн запасы жетиштүү, Евросоюз менен жашоо бүтүп калбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Жалпы европалык кызматташуу боюнча департаментинин директору Николай Кобринец айткандыгын РИА Новости билдирди.Россия 24-февралдан тарта Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу боюнча атайын операцияны баштаган. Батыш буга жооп кылып Москвага карата масштабдуу чектөөлөрдү койду. Санкция биринчи иретте банк сектору менен жогорку технологияларды ташып келүү жолдоруна салынды. Бир катар атактуу бренддер өлкөдө ишин токтоткондугун билдиришти.Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп жарыялады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирди. Россиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Аны менен катар эле бийлик касташкан өлкөлөргө алган газы үчүн акысын рубль менен төлөйсүңөр деген талапты койду. Мындан сырткары, өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдагандыгын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.
https://sputnik.kg/20220331/rossiya-sanktsiya-finansy-ustoychivost-1063289022.html
https://sputnik.kg/20220331/uluu-britaniya-rossiya-sankciya-kesepet-1063280556.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/01/1063309099_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_544a0478abc746ed4729156f5707a5d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, санкциялар, экономика, банк
дүйнөдө, россия, санкциялар, экономика, банк
Россия Евробиримдиктен санкцияларды алууну суранбайт
РФ өкмөтү жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы план даярдаган. Финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россия Евробиримдиктен санкцияларды алып салууну суранбайт, өлкөнүн запасы жетиштүү, Евросоюз менен жашоо бүтүп калбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Жалпы европалык кызматташуу боюнча департаментинин директору Николай Кобринец айткандыгын
РИА Новости билдирди.
"Санкцияларды алып коёсуңарбы деп суранып, өтүнүп чыкпайбыз. Кошумча мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Евробиримдик ааламдын борбору эмес, аларсыз күн бүтүп калбайт", — деди дипломат.
Россия 24-февралдан тарта Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу боюнча атайын операцияны баштаган. Батыш буга жооп кылып Москвага карата масштабдуу чектөөлөрдү койду. Санкция биринчи иретте банк сектору менен жогорку технологияларды ташып келүү жолдоруна салынды. Бир катар атактуу бренддер өлкөдө ишин токтоткондугун билдиришти.
Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп жарыялады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирди. Россиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Аны менен катар эле бийлик касташкан өлкөлөргө алган газы үчүн акысын рубль менен төлөйсүңөр деген талапты койду. Мындан сырткары, өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдагандыгын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.
31 Жалган Куран 2022, 14:44
31 Жалган Куран 2022, 11:47