Серепчи Елена Караеванын Европага карай агылган качкындар тууралуу, ушул жааттагы соңку тарыхтагы урунттуу учурлар тегерегиндеги ойлору РИА Новости сайтына жарыяланган.
Жакында бириккен Европаны сабырын сынай турган кымгуут күндөр күтүшү мүмкүн.
Бириккен Улуттар Уюму Украинанын он миллиондон кем эмес тургуну өлкө ичинде жер которуп же чет жакка чыгып кеткенин маалымдайт. Гуманизм жана ар бир жанга сый-урмат мамиле кылган касиети менен мактанчу Европа ошол ураандарын эми далилдөөгө тийиш.
Үч миллиондон ашуун жаран, негизинен аялдар, карыялар жана балдар сыртка агылганы айтылат. Бириккен Европа дал өзүнүн бөлөк өлкөлөргө болгон кайдыгерлигинин айынан үйүнөн, Мекенинен ажыраган адамдарды ушул тапта кучак жайып тосуп алганы оң. Иш жүзүндө кандай болот?
Адегенде жакынкы эле тарыхка бир кылчайып көрөлү. Жети жыл мурун – Сирияда от күйүп турганда (Европа биримдигинин да ал жаңжалдын тутанышына салымы жок эмес) миллиондогон жаран үйлөрүн таштай качууга аргасыз болгон. Өз жеринде өз үрп-адат, салт-санаасын сактап жашаган калк от күйгөн жерден качып, баш калкалоо үчүн Европаны көздөй агылган. Узакка талкууланып, далай билдирүү, бир топ жыйындар өткөрүлүп, акыры ошол кездеги Германиянын канцлери Меркелдин саясий салмагы менен демократиялык бириккен Европанын эшиги алар үчүн ачылган.
ЕБге караганда дал ошол европалык каймактар тарабынан демократиялык эмес деп саналган Сауд Аравиясы Сириядан эки эсе көп качкынды эч кандай төш какпастан, тынч эле кабыл алганы маалым. Бир нече миллион сириялыкка каалгасын коңшу Иордания да ачкан.
Заматта кабыл алып гана тим болбостон дээрлик автоматтык түрдө тийиштүү документтер берилген. Дал ошондой каралашуудан кийин алар иштеп, окуп, жаңы жерде жаңыча турмуш түптөөгө толук шарт түзүлгөн. Маселен Британия баш тартып, дароо эле ЕБдин курамынан чыгуу үчүн добуш бергени да белгилүү. Качкындарды Польша да, Балтика өлкөлөрү да кабыл алгысы келген эмес. Бул жолу да бири-бирине түрткүсү бар эле.
Биринчилерден болуп Польша колунан келгенин жасаганын айтса, Балтика өлкөлөрү: "Биз ансыз деле анчалык бай эмеспиз..." – деп, Венгриядагы ыктыярчылар качкындардын айрымдары өз үйлөрүнө кайтууга даяр экенин айтышат.
Азырынча качкындарды Европа биримдигинин эң бай эки өлкөсү — Франция менен ФРГ кабылдап жатат. Кабыл алынган чечимге ылайык, жаңы келгендерге үч жыл баш калкалар жай берет. Мыйзамдуу макамды тез алуу коргоо бир жылга гана созуларын, андан соң аны улам – жылына эки ирет узартып туруу абзел. Качкындарга күнүнө 20 евродон кем эмес жөлөк пул каралган. Балдарга да берилип, көбүрөөк бала болсо каражаттын саны да жогорулайт. Турак жай акысыз болгон күндө да бул каражат өп-чап гана жетет. Качкындар аргасыз иш издөөгө чыгат. Кудай жалгап Германияда да, Францияда да жумуш табууга болот. Ошентип жети жыл мурун гумандуулук боюнча сыноодон өтпөй калган Европа бул ирет жүзүн сактап калгысы бардыр.