Ачка адамдар кооптуу... Америка өз келечеги үчүн түйшөлүүдө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Жазылуу
РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Россиянын коопсуздугунун негизги аспектиси экономикалык маселе экенин ачыктады. Ошол эле учурда "Экономикада коллапс болбойт" деп убада кылды ал.
РИА Новостинин колумнисти Виктория Никифорова төмөндө бир нече маселелерге кайрылып, алар туурасында ой жүгүртүп, саресеп салган.
Дүйнө күбө болуп тургандай өзөктүк курал Украинадагы жаңжал масштабдуу алааматка айланып кетишинен сактап турат. Ошол эле учурда глобалдык кармаштын өзү дал экономика талаасында жүрүүдө. Адамдар эмне тамак жеп, эмне киет? Бензинге жана коммуналдык тейлөөгө канча төлөйт? Учурдун урунттуу соболдору ушулар. РФтин Жамааттык Батыш менен салгылаш майданы ушул.
Экономикада коллапс болбой турганына ынандырган Медведев мындайды 2008-жылы башынан өткөргөн. Ошол жылдын августунда россиялык армия Грузияны тынчтыкка мажбурлаган. Ал эми сентябрда АКШ менен Европанын Россияга каршы санкциялары башталган. Батыш өлкөлөрү Грузиянын өтүнүчү менен Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алууну жылдырып, "Газпромдун" Европаны камсыздоосун кыскартууну талкууга алышкан. Ошол туштагы санкциялар да азаптуу эле.
2011-жылы Россия акыры Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген. Он жыл аралыгында РФ дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бирине айланды. Медведев Россия өкмөтүн жетектеп турган 2014-жылы санкциялардын жаңы топтому салынган. Донбасста кырсыкка кабылган Боингди себеп катары аташканы менен чектөөлөр Крым үчүн салынганы айдан ачык эле. Персоналдык да, тармактык да санкциялар салынган. Кимгедир кызык болсо, ошол санкциялардын толук тизмесин Deutsche Welle жарыялаган.
2016-жылы америкалык шайлоого кийлигишкен деген шылтоо менен кайрадан жаңы санкциялар салынган. Андан соң коронавирус пандемиясы башталды. Бирок ошол глобалдык каатчылыкта Россияда ипотекалык дүркүрөгөн өсүш болду.
Медведевдин билдирүүсү менен катар эле америкалык белгилүү алып баруучу Такер Карлсондун кезектеги берүүсү Fox News каналынан берилди. Анда карапайым тургундар Сан-Францискодо он жумуртканын баасы дээрлик беш долларга чыгып, ал эми Аризона штатында сыр тогуз доллардан дароо 14.56га чыкканын айтып нааразы болушту.
"Баалар үч күн сайын алмашууда. Веймар же Зимбабве сыяктуу", — деген пикирин кошту алып баруучу Такер Карлсон.
Америкалыктар бензиндин баасынын кымбатташы азык-түлүк, эмерек, тиричилик техникасы, жеткирүү кызматынын акысына да таасир этерин кооптонуу менен түшүнө башташты. Баары кымбаттап, анын ыргагы расмий инфляция көрсөткүчү менен да ооздукталбай турган абалда. Адамдар, кара жанын карч уруп иштегендердин да азыгы жетишерлик эмес. Нью-Йоркто акысыз тамак-аш күткөндөрдүн кезеги бир нече кварталга созулат.
МиГ-31 истребителинин экипажы гипер үндүү ракета Кинжал менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышка "гипер үндүү" эскертүү. РФтин Украина боюнча атайын операциясына сереп
"Азык-түлүктүн баасы кымбаттаганда өкмөттөр кыйрайт. Ачка адамдар кооптуу", — деп Вашингтонго эскертет журналист Карлсон.
Санкциялар салынгандан бери эки апта өттү. Кечээ жакында эле Москвадагы супермаркетке баш багып, текчелер мурда атын укпаган, бирок кыйла артык россиялык товарларга толгонун көрдүм. Баалары да Батыштын белгилүү маркаларынан эки-үч эсе арзан.
Украинадагы атайын операцияны сындагандар инфляция жана рублдин девальвациясы Россиядагы орто классты жок кылганын айтышат. Менимче, азыркы экономикалык олку-солку абал, тескерисинче, бул катмарды кайра жаратууда. Ал эми чет жактан келген товарларга көнгөндөр бүгүн чындап кыйналууда. Ал эми андайга азгырылбастан кыймылсыз мүлккө салым салгандар азыр анын үзүрүн көрүүдө. Себеби дал үйлүү-жайлуулар өлкөнүн чыныгы орто классы болуп саналат. Эгер баш калкалар жайың болбосо, өз алдынчалык кайдан? Ушул тапта Россия кыймылсыз мүлк ээлеринин саны боюнча дүйнөлүк лидерликке умтулат. Алдынкы сапта Кытай турат. Ал эми АКШда үйлүү-жайлуулардын үлүшү кескин азайып барат.
Россияны анча жактыра бербеген гонконгдук South China Morning Post басылмасы антироссиялык санкциялар америкалык долларды резервдик валюта катары таптакыр оңтойсуз жагдайга кептегенин жазды. Дүйнө өлкөлөрү башка валюталарга, анын ичинде кытай юанына өтүүгө аракет кылышат. Бирок россиялык Борбордук банкты тоногондору бардык валюталардан шек саноого түртчүдөй. Себеби Япония, Индия, Түштүк Корея өз резервдерин кытай юанына которууну каалашат. Кытайдын өзү да триллион долларын бүт юанга которо албайт.
Ачарчылык өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө гана коркунуч туудурбайт. Турмуш деңгээли жакында эле башкалардын кыялындагы мамлекеттер да мындай кыйынчылыкка быйыл күздө кабылат. Өзүнүн антироссиялык санкциялары менен Америка – буга биринчи талапкер.
Өз сөзүндө Медведев: "АКШ менен Европада энергетикалык ресурстардын баалары боюнча жагдай оголе кыйын. Жергиликтүү каймактар буга Россияны айыптоого аракет кылууда. Бирок бул өлкөлөрдүн эли русофобиялык жетекчиликтин жетегинде эмес. Алар баарын түшүнүп, жакында аларга "антироссиялык санкциялардын" куну үчүн эсептеше турган учур келерин түшүнүшөт. Анткени алар батыш өлкөлөрүнүн жарандарынын капчыгынан төлөнгөн", – деди. Чындыгында Америкадагылар деле муну сезе башташкандай.
"Адамдар тамак-аш сатып алууга чама-чаркы келбей калса, демек, абдан жаман абалдын астанасындабыз. Азыр болушунча тезирээк ойгонуш керек болгон убак", — деп эскертти америкалык элитага теле алып баруучу Такер Карлсон. Аны тыңдап, кулак салышар бекен?
Май куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда
Жаңылыктар түрмөгү
0