Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Сынактын жеңүүчүлөрү 5-декабрда Москвада боло турчу "Романсиадалар" финалына жолдомо алды. Мында өлкө намысын Сабина Ибраимова коргомой болду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкекте өткөн "Орто Азия романсиадасы" аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.
1 / 7
Бишкекте өткөн "Орто Азия романсиадасы" аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
2 / 7
Сынакка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашуун аткаруучу катышты
3 / 7
Жеңүүчүлөрдү бир нече номинация боюнча РФ эмгек сиңирген артисти, Москва "Романстар үйүнүн" директору, профессор Галина Преображенская башында турган эл аралык калыстар тандады
4 / 7
Конкурстун жеңүүчүлөрү 5-декабрда Москвада боло турчу "Романсиадалар" финалына жолдомо алды
5 / 7
Бул сынакта өлкө намысын "Романс без границ" номинациясы боюнча жеңүүчү аталган Саёра Мухамедова коргомой болду
6 / 7
Жеңүүчүнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко сыйлаган.
7 / 7
Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын "Романс үйү" жана "Гармония" орус маданий борбору Россиянын КРдеги элчилигинин жана Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурду.
Сынакка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашуун аткаруучу катышты.
Гран-прини Казакстандын Павлодар шаарынан келген Амина Рахимжанова жеңди. Ал бул сынакка биринчи жолу эки жыл мурун катышкан.
Конкурстун эң жаш катышуучусу жети жаштагы Риана Мамедова Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун белегин алды. Аны агенттиктин жетекчиси Елена Череменина берди. Ошондой эле бардык катышуучуларга Sputnik Кыргызстан агенттигинин тематикалык календары тапшырылды.
Кыргызстан менен Россиянын кызматташа турган мектептеринин тизмеси
Жеңүүчүлөрдү бир нече номинация боюнча РФ эмгек сиңирген артисти, Москва "Романстар үйүнүн" директору, профессор Галина Преображенская башында турган эл аралык калыстар тандады. Конкурстун жеңүүчүлөрү 5-декабрда Москвада боло турчу "Романсиадалар" финалына жолдомо алды. Бул сынакта өлкө намысын "Романс без границ" номинациясы боюнча жеңүүчү аталган Сабина Ибраимова коргомой болду.
Жеңүүчүнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко сыйлаган.
Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын "Романс үйү" жана "Гармония" орус маданий борбору Россиянын КРдеги элчилигинин жана Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурду.