ЖМК Гаити президентинин өлүмүн кимдер уюштурганын жазды

Буга чейин шектүүлөр сурак учурунда жалданган адамдарга мамлекет башчысын жок кылуу милдети жүктөлбөгөнүн билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Гаити президенти Жовенеля Моизанын өлүмүнө байланыштуу кармалган америкалык эки шектүү кол салуунун башкы уюштуруучусунун атын аташты. Бул тууралуу New York Times гезитине таянып РИА Новости жазды.
Гезиттин маалыматына караганда, колго түшүрүлгөн Жеймс Солаж менен Жозеф Венсан президентке кол салууну уюштургандардын башында испанча жана англис тилинде сүйлөгөн "Майк" аттуу адам турганын айтышкан.
Агамдын сөөгү куйкаланып, күлү калыптыр. Максат айылындагы трагедиянын чоо-жайы
Буга чейин кылмышка шектелип кармалган америкалыктар сурак учурунда жалданган адамдарга мамлекет башчысын жок кылуу милдети жүктөлбөгөнүн билдиришкен. Алардын максаты Гаити президентин өлтүрүү эмес, тергөө сотунун буйругу менен камакка алуу болгон.
Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону кабарланган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок аялдын ооруканада жатканы, абалы оор экени, үч жерине ок тийгени маалымдалган.
Гаитинин укук коргоо органдары кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн тактап, алардын 26сы Колумбиянын жараны экендигин аныкташкан. Анын 17си кармалып, жетөө жок кылынган.