БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында ала качылды деген 25 жаштагы И. К. аттуу кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында ала качылды деген 25 жаштагы И. К. аттуу кыз аман-эсен табылды
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Билдирмеге караганда, кыз милициянын ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 7-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында Беш-Күңгөй айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган.
"Күч түзүмдөрү кызды табуу үчүн видеокөзөмөлдүн баарын карап, анын жана шектүү баланын тааныштарын суракка алган. Ошондой эле Аламүдүн району менен Бишкектеги мейманканалардан, талаалардан, кароосуз калган үйлөрдөн да издеген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аны менен тергөөчүлөр иш алып барып жатканы айтылып, андан соң ата-энесине өткөрүлүп берилери кошумчаланды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Эске салсак, 6-май күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында И. К. аттуу 25 жаштагы кыз уурдалганы кабарланган. Аны белгисиз адамдар автоунаага салып кеткен учур видеого да түшүп калган. Бул боюнча милицияга кыздын сиңдисинен арыз түшкөндүктөн, аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.