Кыргызстанда 10-май иш күнү деп жарыяланды

Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен 10-май эс алуу күнү болору айтылган. Бирок өкмөт майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдаланууну чечти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстандыктар 10-май күнү иштейт, себеби август айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен 10-майда эс алуу болору айтылган эле.
Бишкекте 9-Май жана Шаар күнү майрамдалбайт
Билдирмеге ылайык, мыйзамда майрам дем алышка туш келсе, анын эртеси эс алуу күнү деп жарыяланат. Бирок бул ирет күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн кыргызстандыктар 10-майдын эсебинен 30-августта эс алышат.
Ошондо август айында жарандар төрт күн катары менен эс алат. Тагыраагы, 27-28-август дем алыш күн, 30-август 10-майдын эсебинен эс алуу, ал эми 31-август КРдин Эгемендик күнү белгиленмекчи.