ИИМ тастыкталбаган маалымат, видео-аудиолорду таратпоого чакырды

ИИМ учурда чек арада абал туруктуу экенин, күч түзүмдөрү менен аскерлер абалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Ички иштер министрлиги соцтармак колдонуучуларын тастыкталбаган маалыматтарды, видео-аудиолорду таратпоого жана терс маанайдагы билдирүүлөрдү жазбоого чакырды.
Министрликтин маалымат кызматы мындай билдирүүлөр кырдаалды курчутуп жиберерин белгилеген.
"Азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасы боюнча ар кандай материалдар жарыяланып жатат. Чек арадагы кырдаалга терс таасир эте турган иш-аракеттерден алыс болуу шарт. Ар бир маалымат такталып, тастыкталган соң коомчулукка жайылышы керек. Фейк маалыматтардын тарап кетүүсүнө жол бербейли", — деп жазылат маалыматта.
ИИМ учурда чек арада абал туруктуу экенин, күч түзүмдөрү менен аскерлер абалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. 

Баткендеги чек ара чыры

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп,
учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.