Текебаевдин калчанган мандаты: шаардык сот буга чейинки чечимди өзгөрткөн жок

Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган. Анын өтүнүчүн Бишкектин административдик соту канааттандырган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки Бишкек шаардык административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан Бишкектин административдик сотунун чечими күчүндө калды", — деди шаардык соттун өкүлү.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган. Бишкек шаардык административдик соту 23-ноябрда Ормуковдун өтүнүчүн канааттандырган.

Кийин Темирлан Ормуков Бишкектин административдик сотунда иш кадимки тартип бузуу катары каралганын белгилеп, ага ылайык Текебаев дароо мандатынан ажыратылбай калат деп шаардык сотко доо арыз менен кайрылган.

Токтогазиев орун басарын кетирип, ордуна Бермет Турсалиеваны дайындады
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылуу боюнча чечим кабыл алына электигин билдирди. 

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, иш кайра башынан кароого жөнөтүлгөндөн кийин БШКга кайрылып мандатын кайтарып алган.