ЖКда айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиев көрсөтүлдү

Тилек Токтогазиев 30 жашта. Парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен жарышка аттанган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Анын талапкерлиги учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып жатат.

Аялы үчүн бай болуп, журналистти коркутуп... Тилек Токтогазиев тууралуу 9 факты

Тилек Токтогазиев 30 жашта. Парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен жарышка аттанган.

Мурдагы министр Эркинбек Чодуев бүгүн, 21-октябрда, өз арызын жазып кызматтан кеткен.  Ал өлкөнүн айыл чарба тармагын 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.
Андан мурунку министр Нурбек Мурашев кызматтан алынгандан кийин да бул кызматка Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин көрсөтүп, реформа жүргүзүү убадасы менен коомчулуктан колдоо тапкан. Жаш талапкерди "Бир Бол" фракциясы да колдоп, өкмөт башчыга сунуштаган болчу. Бирок өкмөт тажрыйбасы жетишсиз деп сунушту четке кагып, Чодуевди алып келген.

  Эми минтип кайра, Токтогазиевдин талапкерлиги каралууда.