Канат Исаев кылмыштуу топко акча таратып жатабы? Видео качан тартылган

Видео мындан үч жыл мурун президенттик шайлоонун алдында тараган болчу. Анда Исаев бийликти күч менен басып алууга айыпталып кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Социалдык тармактарда ЖКнын азыркы төрагасы Канат Исаевге окшош адам "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча берип жатат" деген видео тарап жатат.

Кадрдан кафелердин биринде спорттук дене түзүлүштөгү балдарды даярдоо үчүн деп акча берип жатканы тартылган. Мындан тышкары, өзүн кримчөйрөнүн өкүлү катары атаган эки адамдын сүйлөшүүсү жарыяланган. Алар Канат Исаев жана экинчи Каныбек Иманалиев (же башкасыбы деп күмөн санап) шайлоодон кийин мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн балдарды чогултууга акча таратканы жазылган.

Белгилей кетсек, дал ушундай эле видео 2017-жылы да тараган болчу. УКМК 30-сентябрь күнү шайлоонун алдында Канат Исаевди кармаган. Ага Башкы прокуратура тарабынан массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген айып тагылган.

Биринчи май райондук соту депутат Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ага ылайык, депутаттын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштей албай турган болгон. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын июль айында аны үй камагына чыгарган.