Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат

Адистер кызылчаны аба аркылуу тарай турган, жугуу кооптуулугу жогору курч вирустук оору экенин айтып келишет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Россия Беларусь жана Кыргызстанга кызылча оорусуна каршы 50 миң даана вакцина жиберет. Бул туурасында РИА Новости Роспотребнадзордун бидирүүсүнө таянуу менен билдирди.

Аталган өлкөлөр Россиянын өзүнөн чыккан препараттарды ала турганы айтылат.

КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду

Кызылча — аба аркылуу тарай турган, жугуу кооптуулугу жогору деп эсептелген курч вирустук оору. Илдеттин мүнөздүү белгилери катары жөтөл, мурундан суу агуу, көздүн кызарышы, шалдыроо, дене табынын 38 градустан жогору болушу саналат.