УКМКга барып Атамбаевди куттуктаган жубайы жана балдары. Видео

Атамбаев бүгүн 64 жашка толду. Ал туулган күнүн ушуну менен экинчи ирет УКМКнын тергөө абагында өткөрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап анын жубайы, балдары жана тарапташтары УКМКнын имаратына келишти.

Атамбаев бүгүн 64 жашка толду. Ал туулган күнүн ушуну менен экинчи ирет УКМКнын тергөө абагында өткөрүп жатат. Мурдагы президент 2019-жылы 8-августта кармалып, аны суракка алып келүү үчүн күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзгөн. Соттун чечими менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган.

Мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, экс-канайым Раиса Атамбаева жолдошуна китеп жана майрамдык түшкү тамак алып кирүүгө ниеттенген, бирок жолугушууга уруксат берилген эмес.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жасалган чабуул. Ойлонткон 25 сүрөт

Мындан улам үй-бүлөсү УКМК имаратынын алдынан куттуктоо сөзүн айтып кыйкырышкан.

Ал эми үзөңгүлөштөрү, Жогорку Кеңештин үч депутаты кирип жолугуп чыкканы айтылат. Атамбаев алардан салам айттырып, колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.