Россия жиберген гумжардам Саламаттык сактоо министрлигине салтанаттуу тапшырылды

Министрдин орун басарынын айтымында, медициналык жабдуулар бүгүн эле Бишкектеги жана региондогу ооруканаларга бөлүштүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде COVID-19 менен көрүшүүнүн алкагында Россия тарабынан берилген медициналык жабдуу жана дары-дармектерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты.

Гуманитардык жардамдын ичинде рентген аппараты, анестезиология жана интенсивдик терапия үчүн мониторлор, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, дары-дармек жана 100 миң даана медициналык бет кап бар.

"Мындай кыйын учурда Россиянын колдоосу эки өлкөнүн жана элдин достук мамилесин, чынында канатташ экенин айгинелеп турат", — деди Исмаилова.

Ал эми элчи Удовиченко буга чейин келген дарыгерлер учурда Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында иштеп жатканын белгиледи.

"Биргеликте жумшалган күчтүн арты менен кырдаалды жайгара аларыбызга ишенем. Россия жиберген бүгүнкү гуманитардык жүк буга чейин келген жардамдын кошумчасы. Муну азыркы биз кабылган кырдаалда кадыресе жасала турган тилектештик деп айтсак болот", — деди элчи.

Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кандай жардамдарды көрсөткөнү айтылды

Ал эми Каратаев Саламаттык сактоо министрлигинин атынан Россияга ыраазычылык билдирди.

"Биз бүгүн эле медицинилык жабдууларды Бишкектеги жана региондогу ооруканаларга бөлүштүрөбүз. Кайсы жерде оор абалдагы бейтаптар көбүрөөк болсо, ошол аймак эске алынат", — деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-июлда, Бишкекке атайын учак менен Россиядан кезектеги гуманитардык жардам келип түшкөн. Анын алдында эки топко бөлүнүп ондогон россиялык дарыгерлер келген болчу. Ошондой эле Россия тараптан буга чейин жардам иретинде 110 миң ПЦР-тест жана 1 875 даана реагент берилген.