Өзбекстан бай жана билимдүү чет элдиктерди тартуу үчүн жаңы виза киргизет

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев жакынкы эки айда долбоорду иштеп чыгууну тапшырган. Жаңы виза 2021-жылдын 1-январынан баштап киргизилет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өзбекстандын бийлиги Uzbekistan — My Second Home ("Өзбекстан менин экинчи үйүм") программасынын алкагында иммиграциялык визанын жаңы түрүн киргизүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

Бул мамлекетке кирешелүү жана жогорку академиялык билими бар чет өлкөлүктөрдү тартууга жардам берери айтылат. Ошондой эле республика алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да келишин күтүп жатат.

"Коноктор Өзбекстанды өнүктүрүү үчүн архитектура, билим берүү, курулуш, дизайн жана маалыматтык технологиялар жаатындагы билимин жумшашы керек. Бул программаны президенттин 19-июнда кол койгон "Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук режиминин талаптарын так сактоо менен туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында ишке ашыруу пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы виза 2021-жылдын 1-январынан баштап киргизилет.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев жакынкы эки айда долбоорду иштеп чыгууну тапшырган.