Соль-Илецкиден келген эне-бала COVID-19 менен ооруканага түштү

Буга чейин баланын атасынан коронавирус табылган. Эне-бала алгач Бишкек шаарындагы балдардын №3 шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкектеги жугуштуу илдеттер боюнча республикалык клиникасына Соль-Илецктен келген эне баласы менен жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Алгач алар 11-майда "Семетей" мейманканасындагы обсервациядан Тез жардам менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

"Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган. Себеби баланын атасынан COVID-19 чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи алынган ПЦР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөтүп, кийинки кайталанып алынган анализдерде коронавирус инфекциясы чыккан. 13-майда экөө тең жугуштуу илдеттердин республикалык клиникасына которулган.

Штабдан бардык коопсуздук чаралары сакталгандыгын, бейтаптарды караган бир дарыгер менен эки медайым жеке коргонуу каражаттары менен иштегендигин билдиришти.

Алар Ооруларды алдын алуу борбору менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти дезинфекция иштерин жүргүзгөндүгүн кошумчалашты.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1 082ге жетти. Анын ичинен 735и айыкса, 12 адам көз жумган.

Кырдаал кыйындап баратабы? Нарынга Бишкектен дарыгерлердин 9-тобу жөнөп кетти
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.