Улуттук банк Жеңиштин 75 жылдыгына карата коллекциялык монета чыгарды. Сүрөт

Сатыкка үч түрдөгү монета чыгарылды. Анын экөө жез-никелден жасалган. Булар тарыхый окуяларга арналган серияга кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. КРдин Улуттук банкы үч жаңы коллекциялык монета чыгарганын сайтына жарыялады.

“Тарыхый окуялар” сериясынан “Жеңиштин 75 жылдыгы” күмүш жана жез-никель монеталары, аны менен бирге “Апрель элдик революциясына 10 жыл” жез-никель монеталары сатыкка чыкты.

10 сом номиналы менен “Жеңиштин 75 жылдыгы” күмүш монетасы 3270 сомдон, 1 сом номиналы менен жез-никель монетасы 425 сомдон сатылууда.

“Жеңиштин 75 жылдыгы” монетасынын бетинде Кызыл армия офицерлери менен солдаттарынын “Жеңиштин кол тамгасы” коюлган Рейхстаг дубалынын фонунда чагылдырылган кептердин элеси (кумүш монетада голограмма менен жасалган) берилген. Монетанын үстүңкү бөлүгүндө “Улуу Жеңишке 75 жыл/75 лет Великой Победе" деп жазылган. Алдыңкы бөлүгүндө металлдын пробасы, салмагы жана номиналы көрсөтүлгөн”, — деп жазылат Улуттук банктын билдирмесинде.

Монеталардын саны чектелүү, күмүш монеталар миң жана жез-никелден беш миң экземпляр чыкты.

“Апрель элдик революциясына 10 жыл” монетасынын бетинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштө каза болгондорго арналган монументтин фрагменти чагылдырылган. Үстүңкү жагында — "Элдик Апрель революциясына 10 жыл” деп жазылган. 1 сом номиналы менен чыгарылган монетанын наркы 815 сомду түзөт. Аны миң экземпляр менен даярдашкан.