Кыргызстанда дагы 22 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталды

Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 590го жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 22 кишиден COVID-19 чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 аныкталган сегиз киши Бишкекте, үчөө Ош облусунда, алты адам Ош шаарында, дагы бешөө Нарында катталган.

Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 590го жетти. 

Азыркы тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билип алсаңыз болот.