Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Каралчу маселелер жана курамы

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйындарында сот реформасы, өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жана кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо боюнча чечимдер кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бүгүн, 24-январда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда 2018-2019-жылдарга пландалган иш-чаралардын аткарылышы каралат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Буга чейин сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жана кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо жаатында чечимдер кабыл алынды эле. Бүгүн алардын аткарылышы боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда талкуу болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, стратегиялык объектилердин тизмегине сунуштар каралат.

Коопсуздук кеңешинин курамы:

  • КР президенти – Кеңештин төрагасы;
  • КР Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • КР премьер-министри;
  • КР президентинин аппаратынын жетекчиси;
  • КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;
  • КР вице-премьер-министри;
  • КР Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери;
  • КР Жогорку Кеңешинин мүчөлөрү эң көп сандагы оппозициялык фракциясынын лидери;
  • КР Жогорку Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук маселелерин алып баруучу комитетинин төрагасы;
  • КР Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • КР башкы прокурору;
  • КР тышкы иштер министри;
  • КР финансы министри;
  • КР ички иштер министри;
  • КР өзгөчө кырдаалдар министри;
  • КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  • КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.