Ирандагы Украина учагынын кыймылдаткычы күйүп кетип кулаганы айтылды

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бортто бараткан жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү ирандыктар болгонун билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Иранда украиналык самолёттун кыйрашына кыймылдаткычынын күйүп кеткени себеп болгон. Бул туурасында РИА Новости Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунун расмий өкүлүнө таянуу менен жазды.

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бортто бараткан жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү ирандыктар болгонун билдирди.

"Украинанын самолёту бүгүн эртең менен Тегеран — Киев багыты боюнча абага көтөрүлгөндөн кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кыймылдаткычы күйүп кетип, аэропорттон анча алыс эмес жерге кулаган", — деп айтылат маалыматта.

Украинанын Иран аэропортунда кулап бараткан учагы делген видео чыкты
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоону кызматы кыйраган учакта 168 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү болгонун кабарлады. Кырсыктын кесепетинен борттогу адамдардын баары мерт болгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Оманга болгон сапарынан баш тартып, Киевге кайтты. Ал Facebook баракчасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө трагедиянын чоо-жайы такталып жатканын белгилеп, набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.