Радио

Сеитов: ИИМде реформа үч этапта өткөрүлөт

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов аталган министрликте сезилерлик реформа жүргүзүү үчүн көп каражат талап кылынарын айтты.
Sputnik
Сеитов: ИИМде реформа үч этапта өткөрүлөт

Ички иштер министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформа үч этапта өтөт. Анын экөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бакыт Сеитов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жасалып жаткан иштер дээрлик ички резервден жана эл аралык уюмдар аркылуу каржыланып жатат.

"ИИМдеги реформаны алгач борбордук аппараттан баштадык. Министрликтин өзүндөгү, облустардагы бөлүмдөрдү оптимизациялап, 625 штаттык бирдик кыскартылды. Бул орундарга аймактык тескөөчүлөр, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор алынды. Экинчи этапта 262 жумуш орду кыскартылып, бул штаттык бирдиктер тергөө жана жоруктар менен иштөө кызматтарынын ортосунда бөлүндү. Реформанын үчүнчү бөлүгүндө бири-бирин кайталаган кызматтарды кыскартуунун эсебинен республикадагы бардык мектептерди милиция кызматкери менен камсыздоо каралып жатат", — деди Сеитов.

Ал жасалып жаткан реформанын башкы максаты милициянын карапайым калкка кызмат кылуусун жакшыртуу экендигин кошумчалады.