БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Дублиндин аймактык соту ирландиялык мушкер, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегорду барда отурган кары адамга кол көтөргөнү үчүн миң еврого айыпка жыкканын Irish Mirror басылмасы жазды.
Ушул жылдын 6-апрелинде болгон окуя коомчулукка жакында эле билинген. Интернетке тараган видеого караганда, Макгрегор барда отургандарды өзүнүн бренди менен чыккан вискиден куюп сыйлаган. Бирок ал жактагы улгайган адам ичимдик ичүүдөн баш тарткан. Мындан улам мушкер аны бир муштаган.
Жума күнү Дублинде сот отуруму болуп, Макгрегор күнөөсүн мойнуна алган.
"Туура эмес кылыптырмын, жабырлануучу менен соттон кечирим сурайм. Мындай окуялардын кайталанышына жол бербейм", — деген мушкер.
Макгрегор соңку беттешин 2018-жылы 6-октябрда АКШда UFC 229 турниринин алкагында өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.
Конор эки салмак категориясында UFC уюмунун мурдагы чемпиону. Наамын убагында коргобой койгону үчүн чемпиондугунан ажыраган.