Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылмай болду

Депутаттар документтин долбоорун угуп, бир ооздон колдоп беришти. Токтом 2020-жылдын октябрь айында күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Абдумомунов көчөсүндөгү эски аянтка мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылмай болду.

Мындай чечим бүгүн, 23-октябрда, Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Токтом 2020-жылдын октябрь айында күчүнө кирет.

Депутаттар документтин долбоорун угуп, бир ооздон колдоп беришти.

Өкмөт Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын кантип өткөрүп жатканын айтты
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи фазасынын жыйынтыкталышына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада энергетиктердин Курпсай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин колдой турганын айткан. Ошондой эле Тянь-Шандагы чокулардын бирине дагы Усубалиевдин ысымы ыйгарылган.

2019-жылы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы майрамдалууда.