Үйлөрдү каптап... Көлдөгү төрт күндүк жаандан кийин жүргөн селдин сүрөт, видеосу

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгымга кабылгандар катталды.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 17-авг. — Sputnik. Төрт күн тынбай жааган жамгырдан Ысык-Көл облусунун Тоң жана Ысык-Көл райондорунда сел жүрдү. Жаратылыш кырсыгынын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчылары жөнөттү.

Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевдин айтымында, сел Чырпыкты айылындагы тогуз тамдын пайдубалын жабыркаткан.

"Ошондой эле Кош-Көл айылындагы эки көпүрөгө суу батпай пляждык зонадагы жыгач үйлөрдү агызды. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери сууну сордуруп, жергиликтүү бийликтин техникасы менен дамба курулду. Селдин кесепетинен жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгымга кабылгандар катталды. Азырынча аба ырайына байланыштуу аныктоо мүмкүн болбой жатат", — деди Иманалиев.

Ал эми Тоң районунда төрт күн тынбай жааган жамгыр Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 58-чакырымындагы Кызыл-Туу айылынын көпүрөсүнүн четин алып кеткен. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Тимур Алымбеков билдирди.

"Сел Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 61-70 чакырымындагы жолдордун четтерин да талкалай баштаган. Ошондой эле Туз-Көлгө бара турчу 18 чакырым жолду да суу алып кеткен. Учурда бул жерлерди Балыкчы шаарынын №10 жана 33 жол тейлөө мекемеси оңдоп жатат", — деди Алымбеков.

Жамгыр дагы эле жаап жаткандыктан, учурда бул жаатта тийиштүү кызматтар иш алып барууда.