Магнитогорскиде КР жаранын кыйнашканбы? Сот тараган маалымат боюнча өкүм чыгарды

Маалымдалгандай, КР жараны көп кабаттуу үйдөгү жардыруу боюнча камакка алынган эмес, ал Ош окуяларына катышканы үчүн Кыргызстандын бийлиги тарабынан издөөдө жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Москванын Басман райондук соту Магнитогорск шаарында кыргызстандыктын кыйноого алынышы боюнча маалыматты туура эмес деп таап, "Новая газета" басылмасына макаланы өчүрүүнү буюрду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Макалада ФСБнын өкүлдөрү мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, ишти моюнга алдырууга аракет кылганы жазылган. Тактап айтканда, укук коргоо органдары Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үй жарылгандан кийин Хуснидин Зайнабидинов аттуу жаранды кармашкан. Анын аялынын жана укук коргоочулардын айтымында, аны органдын кызматкерлери кыйноого алган.

Санкт-Петербургда дубал басып калган кыргызстандык киши каза болду
ЖМКлар Зайнабидиновдун көп кабаттуу үйдүн жарылышына тийиштиги болушу ыктымалдыгын жазышкан. Сотто ФСБнын өкүлү журналисттер кыйноо болгону тууралуу бир да фактыга таянбастан аны чын окуядай жазышканын, бул өз кезегинде алардын аброюна шек келтиргенин айтты.

Өз кезегинде "Новая газетанын" юристи журналисттер коом үчүн маанилүү болгон кабарды жашырбастан, окуя тууралуу анын аялына таянып маалымат таратканын белгиледи.

Ал ортодо мигранттын полиция бөлүмүндө сабалашы тууралуу тараган кабардан улам Тергөө комитети текшерүүлөрдү баштаган. Прокуратуранын ишендиришинче, кармалган жарандын денесинде көгала тактар болгонуна карабай кыйноо болбогонун айткан.