Кыргызстандык жаран эмне үчүн Магнитогорскиде кармалганы белгилүү болду

© МЧС РФ / Медиабанкка өтүүМагнитогорскидеги трагедия
Магнитогорскидеги трагедия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хуснидин Зайнабидиновду 16-декабрь күнү Магнитогорск шаарынан кармашкан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Магнитогорск шаарында кармалган кыргызстандык жаран турак үйдүн жарылышы боюнча изделген эмес. Бул туурасында РИА Новости Россиянын ИИМ расмий өкүлү Ирина Волкко шилтеме берип жазды.

"Айрым ЖМКларда Хуснидин Зайнабидинов былтыр 31-декабрда Магнитогорск шаарындагы турак үйдүн подъездинин урап түшүшү боюнча полиция тарабынан текшерилип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деди Волк.

11-ти месячный Ваня Фокин в НИИ неотложной детской хирургии и травматологии - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Уранды алдында калган ымыркай палатага которулду. Видео
Анын айтымында, Кыргызстандын жараны Зайнабидиновду 16-январда Магнитогорск шаарынан кармашкан. Ал 2010-жылы Оштогу массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп эл аралык издөөгө алынган болчу. 

Волк кошумчалагандай, эркек киши камакка алынды, азырынча мекенине кайтаруу маселеси карала элек. 

Былтыр 31-декабрда Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдүн газы жарылып, 39 адам каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0