Мен өзүм айта албайм... Димаш таланты, багыты тууралуу

Ырчы өзүнүн талантына өзү баа бере албастыгын, ага угарман журту калыс экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Казакстандык атактуу аткаруучу Димаш Кудайберген кытайлык телеканалдардын бирине интервью берди. Ырчы чет элдик журналисттер менен маегинин үзүндүсүн өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Маектешип жатканда кытай журналисти Димаштан талантынын күчүн качан сезгендигин сураган. Ырчы музыка менен профессионалдык түрдө 20 жыл мурда, мектептин босогосун аттагандан тарта алектене баштагандыгын айтып берген.

Өзү эч нерсе дей албастыгын, эл гана анын талантына баа берет деген тейде жооп узаткан.

"Мен үчүн эң баалуу жеңишим менен жетишкендигим — сахнага чыгып, өзүмдүн кичинекей искусством менен күйөрмандарымды кубанычка салуу", — деп айткан ал.

Ал ар кыл жанрда жана багыттарда ырдоону жакшы көргөндүктөн, бир багытка байланбай тургандыгын белгилеген.