Транспорт министри кызматына жаңы талапкер көрсөтүлдү

Талапкер 2006 – 2007-жылдары аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштегендиги маалымдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин көрсөттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

"Абылгазиев Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына дайындоо үчүн Жанат Бейшеновдун талапкерлигин киргизди", — деп айтылат маалыматта.

Бейшенов 2006 – 2007-жылдары аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген.

Мурдагы министр Жамшитбек Калилов коррупцияга аралашкан орун басарынан кийин отставкага кеткен.