Үйдөгү жаңжалды арачалаган кошунасын бычактап... Шектүү колго түштү

11-декабрда саат 18.25тер чамасында көчөдөн эркек кишинин сөөгү жатканы туурасында милицияга маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылында жашаган киши кошунасын бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милиция бөлүмүнөн кабарлашты.

Ушул жылдын 11-декабрында саат 18.25тер чамасында көчөдөн эркек кишинин сөөгү жатканы туурасында Сокулук РИИБине маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Новопавловка айылынын 28 жаштагы тургуну ичине жана көкүрөк тушка бычак жегенин аныкташкан.

"Кылмышка шектелип маркумдун 34 жаштагы коңшусу кармалды. Алдын ала маалымат боюнча окуя мас болуп үйүндө тополоң салып жаткан кишини жайгаруу учурунда болгон. 11-декабрда ал мас болуп үйүндө аялы менен чатакташып, алардын үнү сыртка угулуп турган. Бүлөнүн эмчектеги баласы болгондуктан кошунасы барып арачалоого аракет кылган. Бирок ошол жерде экөө уруша керет. Шектүү бир нече мүнөттөн кийин коңшусунун үйүнө барып сыртка чакырат. Ал эшигин ачканда бычак урган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.