Окумуштуулар уйкусуздуктан арылуунун жолун айтышты

Эксперимент студент жана улгайган адамдар арасында жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт.— Sputnik. Австралиянын окумуштуулары жүндөн тигилген пижамалар уйкусуздук менен күрөшүүгө жана тез уктоого жардам берерин аныктап чыгышты. Бул тууралуу Британиянын Sky News басылмасы жазды.

Алардын айтымында, пижаманын жардамы менен дене "жылуу зонада" сакталып, уйку тынч болот.

Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Эксперименттин катышуучулары меринос коюнун жүнүнөн тигилген пижаманы кийип жатканда төрт мүнөткө эрте уктап калган (11 мүнөт), ал эми кебезден жасалган пижаманы кийгендер 15 мүнөттө араң уктаганы байкалган.

Маалым болгондой адамдар ыңгайлуу пижама кийип жаткандар суткасына жети мүнөт көбүрөөк укташат.

65 жаштан 70 жашка чейин улгайган адамдар жүндөн жасалган пижаманы кийип 12 мүнөттөн кийин уктап калышкан. Ушул эле курактагылар кебез пижамадан 22 жана 27 мүнөт өткөндөн кийин гана уйкуга киришкен.

"Балким бул кокустук эмес. Анткени жүн сиздин денеңиздин температурасын жакшы көзөмөлдөп, денени "жылуу зонада" сактап турат", — деп жазылат окумуштуулардын маалыматында.

Илим адамдары ыңгайлуу пижама адамдарга бат эле уктап кетүүгө жардам бербестен, тынч уйкуга да пайдасы зор экенин айтышкан.

Австралиядагы иликтөөгө 17 студент, улуу муундан 36 адам катышкан.