БИШКЕК, 15-окт.— Sputnik. Австралиянын окумуштуулары жүндөн тигилген пижамалар уйкусуздук менен күрөшүүгө жана тез уктоого жардам берерин аныктап чыгышты. Бул тууралуу Британиянын Sky News басылмасы жазды.
Алардын айтымында, пижаманын жардамы менен дене "жылуу зонада" сакталып, уйку тынч болот.
Маалым болгондой адамдар ыңгайлуу пижама кийип жаткандар суткасына жети мүнөт көбүрөөк укташат.
65 жаштан 70 жашка чейин улгайган адамдар жүндөн жасалган пижаманы кийип 12 мүнөттөн кийин уктап калышкан. Ушул эле курактагылар кебез пижамадан 22 жана 27 мүнөт өткөндөн кийин гана уйкуга киришкен.
"Балким бул кокустук эмес. Анткени жүн сиздин денеңиздин температурасын жакшы көзөмөлдөп, денени "жылуу зонада" сактап турат", — деп жазылат окумуштуулардын маалыматында.
Илим адамдары ыңгайлуу пижама адамдарга бат эле уктап кетүүгө жардам бербестен, тынч уйкуга да пайдасы зор экенин айтышкан.
Австралиядагы иликтөөгө 17 студент, улуу муундан 36 адам катышкан.