Кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалымат бербеген аткаминерлердин тизмеси чыкты

Негизинен алганда декларациясын тапшырбаган мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана айылдык кеңештерде иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-октябрга карата киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматы декларация тапшырбагандардын тизмесин сайтына жарыялады. Анын ичинде:

— президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев;

— президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов;

— Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов;

— Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;

— КР президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков;

— Аламүдүн районунун сотунун төрагасы Азамат Узакбаев;

— Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Негизинен алганда декларациясын тапшырбаган мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана айылдык кеңештерде иштейт.