БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-октябрга карата киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салык кызматы декларация тапшырбагандардын тизмесин сайтына жарыялады. Анын ичинде:
— президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев;
— президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов;
— Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов;
— Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
— КР президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков;
— Аламүдүн районунун сотунун төрагасы Азамат Узакбаев;
— Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Негизинен алганда декларациясын тапшырбаган мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана айылдык кеңештерде иштейт.