Макгрегор Путин менен сүрөткө түшүп, пикирин билдирди

Мушкер финалдык оюнга Россия лидеринин коногу катары келген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ирландиялык UFC мушкери, жеңил салмактагы мурдагы абсолюттук чемпион (UFC) Конор Макгрегор менен жолугуп, аны менен сүрөткө түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Спортчу Instagram баракчасына президент менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, Путин тууралуу эки ооз сөз жазган.

Макгрегордун айтымында, футбол чемпионатындагы Франция менен Хорватия командаларынын финалдык беттешине Россия лидеринин коногу катары катышкан.

"Бул адам биздин замандагы эң улуу лидерлердин бири. Дүйнөдөгү эң маанилүү иш-чаралардын бирине аны менен кошо күбө болуу бактыма буйруду", — деп мушкер Instagram баракчасына жазган.

Мындан тышкары, Путин стадиондон Франциянын башчысы Эммануэль Макрон, анын жубайы Бриджит Макрон, ошондой эле Хорватиянын президентинин үй-бүлөсү жана Молдавиянын лидери Игорь Додон менен баарлашкан.

Россияда өткөн Футбол чемпионатынын финалдык бөлүгүндө Франция менен Хорватиянын командалары "Лужники" стадионунда кез келип, Франция 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.