БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаада оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Бишкектин негизги көчөлөрүндө газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
13-июлдан 20-июлга чейин төмөнкү райондордо көгүлтүр от болбойт:
— Элебаев, Толстой, Кулатов жана Байтик баатыр көчөлөрү;
— Кулатов, Жукеев-Пудовкин, Горький, Байтик баатыр;
— Кыргызавтомаш заводу, "Алькони" ишканасы (Матросов, 1А көчөсү), "Глобус" соода түйүнү (Матросов, 1А көчөсү), "Байтур" ден соолукту чыңдоо борбору.
Маалыматка караганда, жаратылыш газынын өчүрүлүшүнө пландалган оңдоо иштери себеп болууда.