Дүйнөдөгү эң чоң куурулган пицца кантип даярдалды? Видео

Гиннестин рекорддор китебине кирген эң чоң пиццаны жасоого 50 ашпозчу тартылган.
Sputnik

Бир тонна бешбармак эсиңердеби? Гиннестен жооп келди
Италиянын Неаполе шаарында ашпозчулар дүйнөдөгү эң чоң куурулган пицца жасап, Гиннестин рекорддор китебине катталды. Узундугу 7 метр 15 сантиметр болгон пиццаны жасоого 50 ашпозчу тартылган. Ага 83 килограмм ун, 500 килограмм сыр жана 7 килограмм помидор керектелип, соңунда аны картошка фринин эң чоң идишине куурушкан.

Гиннестин рекорддор китебине кирген эң чоң пиццаны уюштуруучулар кайрымдуулук уюмдарына таратышкан.