Булан институту: мугалимдердин айлыгы 3,7 эсе көбөйгөнү менен анча акча алышпайт

Аталган институт акыркы сегиз жылда мугалимдерге айлык төлөө системасы кандай өзгөргөнүн иликтеген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Булан институту мектепте иштеген мугалимдердин айлыгы 2011-жылдан бери канчалык жогорулаганын, анын жыйынтыгы кандай болгонун иликтеп, баяндамасын жарыялады.

Анда 2011-жылы 18-январда чыккан токтомдо мугалимдердин айлыгын эсептөөнүн механизми өзгөртүлгөнү жазылат. Бирдиктүү тарификациялык торчо, башкача айтканда, 18 сааттык ставка менен иштөө жоюлуп, ар бир мугалимдин өткөн сабактарынын сааттык жүктөмүнө жараша эсептөө системасы киргизилген. Өкмөттүн 2015-жылы май айындагы токтомунун негизинде мектеп мугалимдеринин айлыгын дагы бир ирет көтөрүлгөн.

"Тагыраак айтканда, орто профессионалдык билими бар мугалимдерге саатына 60 сом, бакалавр диплому барларга саатына 67,5 сом, магистр диплому бар мугалимдерге саатына 75 сом, ал эми башталгыч класстарга сабак берген мугалимдерге саатына 81 сомдон төлөнөт. Учурда мугалимдер так ушул эсеп менен эмгек акысын алып жатышат. Андан сырткары, стажына, сабакка даярданууга, класс жетекчиликке, дептер текшерүүгө жана башка кошумча төлөмдөр кошулат", — деп айтылат маалыматта.

Булан институтунун баяндамасында мугалимдердин айлыгы көбөйгөнү менен алар колуна ошончолук акча албаганы жазылган. Институтка маек берген көпчүлүк мугалимдер айлык жогорулап, бирок кайра эки айдан кийин кескин азайып калганын, алган айлыкта анча өзгөрүү жоктугун баса белгилешкен.

Эксперт: диний окуу жайларына бакалавр, магистратура деңгээлдерин киргизүү керек
"Биринчиден, айлыкты мугалимдин өткөн сааты боюнча эсептөө концепциясы киргизилгенден кийин мугалимдер мурдагыдай толук ставка менен иштебей калды, ошол эле сабактардын жүктөмү көбүрөөк мугалимге таратылды. Экинчиден, 2011-жылы мугалимдердин категориясы жоюлуп, жогорку, биринчи жана экинчи категорияга кошулуп келген акча кыркылды. Үчүнчүдөн, өкмөт майрам күндөргө туш келген сабактардын сааттарын кыркып салууда. Ошентип көпчүлүк мугалимдер айлыктары мурдагы эле калыбына келип калганын, эч кандай жогорулоону сезбегенин айтышты. Бирок ошол эле учурда айрым мугалимдер 2011-жылдан бери айлыктарына болжол менен үч-төрт миң сомдой кошулганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Мектептердеги кадр тартыштыгы кыскарганы менен аз өлчөмдөгү саат менен мугалимдерди жумушка алуу башка мугалимдердин айлыгынын кыскарышына алып келген.

"Республикалык бюджеттен мугалимдердин эмгек акы фондусуна чыгымдалган каражаты 2017-жылы 14441,6 миллион сомду түзүп, Финансы министрлиги ишендиргендей бул сумма беш жыл мурдагыга салыштырмалуу 3,7 эсеге көп болгону менен мугалимдердин колуна 3,7 эсе көбөйгөн айлык тийген жок", — деп айтылат баяндамада.

Булан институту изилдөөсүндө 2011-жылы киргизилген мугалимдердин эмгек акысын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жакшы натыйжа бербей жатканын көрсөткөн.

Аталган институт буга чейин да иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы диний окуу жайлардын абалына кызыккан.