Сирияга кетүүнү көздөгөн эки кыргызстандык Петербургдан кармалды

Кармалган эки жарандын тең Россияда жүрүү үчүн берилген убактылуу документинин мөөнөтү бүтүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки жараны Санкт-Петербург шаарынан кармалганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Сирияга төрт кыргызстандык кишини жөнөткөн үгүтчү кармалды
Кармалган жарандар сотто "Жебхат ан-Нусра" эл аралык террордук уюмунун катарына кирүү үчүн кетүүнү каалаганын айтышкан. Алар эки айга камакка алынды. Бирөө 20 жашта болсо, экинчиси 21де.

Кармалган эки жарандын тең Россияда жүрүү үчүн берилген убактылуу документинин мөөнөтү бүтүп калган. Шаардык соттун маалымат кызматынын жетекчиси Дарья Лебедева Кыргызстандын эки жараны дал ошол документтеринин мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн кармалып, камакка алынганын айтты.

Лебедева ошондой эле КР жарандарына бейтааныш киши согушкерлердин лагерине чейин алып барууга жардам берем деп сөз бергенин кошумчалады.