Каның дүргүйт! "Ынтымак" менен "Достуктун" айыгышкан беттешинен сүрөттөр

Sputnik

Оюндун биринчи бөлүгүндө "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов "Бойка" бууданы менен каршылаштарынын тайказанына улак салып эсеп санын ачты. Бирок экинчи бөлүктө "Ынтымактын" улакчысы Азим Болот уулу "Геркулес" аты менен улак таштап, эсеп санын теңеп койду.

Булкунган буудандар, тайказанга ыргыган улакчылар. Көк бөрү финалынан видео
Ал эми үчүнчү бөлүк башталаары менен "Ынтымактан" Нуржан Мелисбек уулу улак таштап, эсепти 2:1ге жеткирди. Андан кийин да катуу кармаш болуп, бирок упайлар өзгөрүүсүз калды да натыйжада баш байгени "Ынтымак" командасы багындырды.

Коло байге үчүн Чүйдүн "Биримдик Аю" жана "Арашан" командалары күч сынашып, "Биримдик Аю" жеңишти камсыздады.

Мелдешке президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, премьер-министр Сапар Исаков жана Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдор келип, уткан командаларга сыйлык тапшырышты.

Алдыңкы орундар үчүн төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылды:

1-орун "Ынтымак" — 400 миң сом;
2-орун "Достук" — 200 миң сом;
3-орун "Биримдик Аю" — 100 миң сом;
4-орун "Арашан" — 75 миң сом.

Мыкты чабуулчу — "Достук" командасынан Манас Ниязов, 10 миң сом;

ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда
Мыкты оюнчу — "Ынтымак" командасынан Нуржан Мелисбек уулу, 10 миң сом;

Мыкты аргымак — "Арашан" командасынан Кушчубай Илис уулунун "Телтору" аттуу бууданы, 10 миң сом.

Эскерте кетсек, былтыр да финалда Таластын "Ынтымак" менен Оштун "Достук" командалары кармашып 8:7 эсеби менен "Ынтымак" баш байгени илип кеткен. "Биримдик Аю" командасы дагы эки жыл катары менен үчүнчү орунду ээлеп жатат.

1 / 18
Көк бөрүнү көркүнө чыгара алып барган Асылбек Өзүбеков беттештин башында оюн талаасына чыгып "Көктөм ыры" аттуу чыгармасын аткарып, элдин маанайын ого бетер көтөрүп койду
2 / 18
Оюн талаасына чыгып келе жаткан улакчылар. Ош дубанынын келген "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязов жана Талас облусунун "Ынтымак" командасынын капитаны Марлис Койгелдиев жол баштап келүүдө
3 / 18
Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтыма"к) "Кара Балта" аргымагы менен атаандаштарына каршы турууда
4 / 18
Улак Айбек Темирбаев ("Достук") менен Сейитбек Анарбек уулунун ("Ынтымак") талашына түштү
5 / 18
Жекеме-жеке чыгууда Урмат Раушан уулу ("Ынтымак") атактуу "Ахилеси" менен каршылаштарына улакты эңүүгө мүмкүнчүлүк бербеди
6 / 18
Биринчи бөлүктүн башында эле Айбек Темирбаев улакты эңип Манас Ниязовго ашырып берди эле, ал тайказанга салууга жетишти
7 / 18
Бирок экинчи бөлүктө "Ынтымактын" улакчысы Азим Болот уулу "Геркулес" аты менен улак таштап эсеп санын теңеп койду
8 / 18
Таши Майлыбашев ("Достук") "Ак Шумкурды" чаап баратып аты менен кошо жыгылып түштү. Мында улакчылар эле эмес, буудандар да булкунуп катуу турушту
9 / 18
Айбек Темирбаевден такымга басып бараткан улакты "Ынтымактын" улакчысы жулуп алуу аракетин көрүүдө. Буга "Достуктун" оюнчулары үчөөлөп каршылык көрсөтүп жатат
10 / 18
Оюндун жүрүшүндө "Ынтымак" командасы катуу чабуул жасаганы байкалса, "Достуктун" мыкты коргонууну өздөштүргөнү байкалып турду
11 / 18
Элдин сүрөөнү кулак тунжуратат. Булар колуна баннерлерди көтөрүп "Достук" командасына жан тартууда
12 / 18
"Ахилес" бул оюнда да алдына эч кимди чыгарбаган аргымак экенин дагы бир ирет дааналап көрсөттү
13 / 18
Жекеме-жекеге үч мүнөт убакыт берилет. Улактын салмагы 32-35 килограммды түзөт
14 / 18
Күлүктөрдүн да, көк бөрүчүлөрдүн да каны кайнап, кыл чайнашкан учуру
15 / 18
Жеңиштин даамын татып, кубанычын күйөрмандары менен бөлүшүп жаткан "Ынтымак" командасынын оюнчулары
16 / 18
Үчүнчү орунду ээлеген "Биримдик Аю" командасына 100 миң сом, медаль, дипломдор ыйгарылды. Команданын капитаны — Улан Насакеев
17 / 18
Экинчи орунду камсыздаган "Достукка" 200 миң сом, медаль, дипломдор тапшырылды. Сыйлыкты команданын капитаны Байыш Ниязов алды.
18 / 18
Баш байге ээси "Ынтымак" командасы 400 миң сом, медаль, дипломдор менен сыйланды. Байгелерди премьер-министр Сапар Исаков команданын капитаны Марлис Койгелдиевге тапшырды.