Каның дүргүйт! "Ынтымак" менен "Достуктун" айыгышкан беттешинен сүрөттөр

Жазылуу
Бишкектин "Ак кула" ат майданында Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык бөлүгүндө Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары кылчайнашкан беттеште күч сынашты. Sputnik Кыргызстан агенттиги мелдештен тартылган сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Оюндун биринчи бөлүгүндө "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов "Бойка" бууданы менен каршылаштарынын тайказанына улак салып эсеп санын ачты. Бирок экинчи бөлүктө "Ынтымактын" улакчысы Азим Болот уулу "Геркулес" аты менен улак таштап, эсеп санын теңеп койду.

Булкунган буудандар, тайказанга ыргыган улакчылар. Көк бөрү финалынан видео - Sputnik Кыргызстан
Булкунган буудандар, тайказанга ыргыган улакчылар. Көк бөрү финалынан видео
Ал эми үчүнчү бөлүк башталаары менен "Ынтымактан" Нуржан Мелисбек уулу улак таштап, эсепти 2:1ге жеткирди. Андан кийин да катуу кармаш болуп, бирок упайлар өзгөрүүсүз калды да натыйжада баш байгени "Ынтымак" командасы багындырды.

Коло байге үчүн Чүйдүн "Биримдик Аю" жана "Арашан" командалары күч сынашып, "Биримдик Аю" жеңишти камсыздады.

Мелдешке президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев, премьер-министр Сапар Исаков жана Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдор келип, уткан командаларга сыйлык тапшырышты.

Алдыңкы орундар үчүн төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылды:

1-орун "Ынтымак" — 400 миң сом;
2-орун "Достук" — 200 миң сом;
3-орун "Биримдик Аю" — 100 миң сом;
4-орун "Арашан" — 75 миң сом.

Мыкты чабуулчу — "Достук" командасынан Манас Ниязов, 10 миң сом;

ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда - Sputnik Кыргызстан
ТОП-13 улакчы. Аргымактар алкынып, эрлер жанын таштаганда
Мыкты оюнчу — "Ынтымак" командасынан Нуржан Мелисбек уулу, 10 миң сом;

Мыкты аргымак — "Арашан" командасынан Кушчубай Илис уулунун "Телтору" аттуу бууданы, 10 миң сом.

Эскерте кетсек, былтыр да финалда Таластын "Ынтымак" менен Оштун "Достук" командалары кармашып 8:7 эсеби менен "Ынтымак" баш байгени илип кеткен. "Биримдик Аю" командасы дагы эки жыл катары менен үчүнчү орунду ээлеп жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрүнү көркүнө чыгара алып барган Асылбек Өзүбеков беттештин башында оюн талаасына чыгып "Көктөм ыры" аттуу чыгармасын аткарып, элдин маанайын ого бетер көтөрүп койду
Көк бөрүнү көркүнө чыгара алып барган Асылбек Өзүбеков беттештин башында оюн талаасына чыгып Көктөм ыры аттуу чыгармасын аткарып, элдин маанайын ого бетер көтөрүп койду - Sputnik Кыргызстан
1/18
Көк бөрүнү көркүнө чыгара алып барган Асылбек Өзүбеков беттештин башында оюн талаасына чыгып "Көктөм ыры" аттуу чыгармасын аткарып, элдин маанайын ого бетер көтөрүп койду
© Sputnik / Табылды КадырбековОюн талаасына чыгып келе жаткан улакчылар. Ош дубанынын келген "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязов жана Талас облусунун "Ынтымак" командасынын капитаны Марлис Койгелдиев жол баштап келүүдө
Оюн талаасына чыгып келе жаткан улакчылар. Ош дубанынын келген Достук командасынын капитаны Байыш Ниязов жана Талас облусунун Ынтымак командасынын капитаны Марлис Койгелдиев жол баштап келүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/18
Оюн талаасына чыгып келе жаткан улакчылар. Ош дубанынын келген "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязов жана Талас облусунун "Ынтымак" командасынын капитаны Марлис Койгелдиев жол баштап келүүдө
© Sputnik / Табылды КадырбековНуржан Мелисбек уулу ("Ынтыма"к) "Кара Балта" аргымагы менен атаандаштарына каршы турууда
Нуржан Мелисбек уулу (Ынтымак) Кара Балта аргымагы менен атаандаштарына каршы турууда - Sputnik Кыргызстан
3/18
Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтыма"к) "Кара Балта" аргымагы менен атаандаштарына каршы турууда
© Sputnik / Табылды КадырбековУлак Айбек Темирбаев ("Достук") менен Сейитбек Анарбек уулунун ("Ынтымак") талашына түштү
Улак Айбек Темирбаев (Достук) менен Сейитбек Анарбек уулунун (Ынтымак) талашына түштү - Sputnik Кыргызстан
4/18
Улак Айбек Темирбаев ("Достук") менен Сейитбек Анарбек уулунун ("Ынтымак") талашына түштү
© Sputnik / Табылды КадырбековЖекеме-жеке чыгууда Урмат Раушан уулу ("Ынтымак") атактуу "Ахилеси" менен каршылаштарына улакты эңүүгө мүмкүнчүлүк бербеди
Жекеме-жеке чыгууда Урмат Раушан уулу (Ынтымак) атактуу Ахилеси менен каршылаштарына улакты эңүүгө мүмкүнчүлүк бербеди - Sputnik Кыргызстан
5/18
Жекеме-жеке чыгууда Урмат Раушан уулу ("Ынтымак") атактуу "Ахилеси" менен каршылаштарына улакты эңүүгө мүмкүнчүлүк бербеди
© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи бөлүктүн башында эле Айбек Темирбаев улакты эңип Манас Ниязовго ашырып берди эле, ал тайказанга салууга жетишти
Биринчи бөлүктүн башында эле Айбек Темирбаев улакты эңип Манас Ниязовго ашырып берди эле, ал тайказанга салууга жетишти - Sputnik Кыргызстан
6/18
Биринчи бөлүктүн башында эле Айбек Темирбаев улакты эңип Манас Ниязовго ашырып берди эле, ал тайказанга салууга жетишти
© Sputnik / Табылды КадырбековБирок экинчи бөлүктө "Ынтымактын" улакчысы Азим Болот уулу "Геркулес" аты менен улак таштап эсеп санын теңеп койду
Бирок экинчи бөлүктө Ынтымактын улакчысы Азим Болот уулу Геркулес аты менен улак таштап эсеп санын теңеп койду - Sputnik Кыргызстан
7/18
Бирок экинчи бөлүктө "Ынтымактын" улакчысы Азим Болот уулу "Геркулес" аты менен улак таштап эсеп санын теңеп койду
© Sputnik / Табылды КадырбековТаши Майлыбашев ("Достук") "Ак Шумкурды" чаап баратып аты менен кошо жыгылып түштү. Мында улакчылар эле эмес, буудандар да булкунуп катуу турушту
Таши Майлыбашев (Достук) Ак Шумкурды чаап баратып аты менен кошо жыгылып түштү. Мында улакчылар эле эмес, буудандар да булкунуп катуу турушту - Sputnik Кыргызстан
8/18
Таши Майлыбашев ("Достук") "Ак Шумкурды" чаап баратып аты менен кошо жыгылып түштү. Мында улакчылар эле эмес, буудандар да булкунуп катуу турушту
© Sputnik / Табылды КадырбековАйбек Темирбаевден такымга басып бараткан улакты "Ынтымактын" улакчысы жулуп алуу аракетин көрүүдө. Буга "Достуктун" оюнчулары үчөөлөп каршылык көрсөтүп жатат
Айбек Темирбаевден такымга басып бараткан улакты Ынтымактын улакчысы жулуп алуу аракетин көрүүдө. Буга Достуктун оюнчулары үчөөлөп каршылык көрсөтүп жатат - Sputnik Кыргызстан
9/18
Айбек Темирбаевден такымга басып бараткан улакты "Ынтымактын" улакчысы жулуп алуу аракетин көрүүдө. Буга "Достуктун" оюнчулары үчөөлөп каршылык көрсөтүп жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндун жүрүшүндө "Ынтымак" командасы катуу чабуул жасаганы байкалса, "Достуктун" мыкты коргонууну өздөштүргөнү байкалып турду
Оюндун жүрүшүндө Ынтымак командасы катуу чабуул жасаганы байкалса, Достуктун мыкты коргонууну өздөштүргөнү байкалып турду - Sputnik Кыргызстан
10/18
Оюндун жүрүшүндө "Ынтымак" командасы катуу чабуул жасаганы байкалса, "Достуктун" мыкты коргонууну өздөштүргөнү байкалып турду
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдин сүрөөнү кулак тунжуратат. Булар колуна баннерлерди көтөрүп "Достук" командасына жан тартууда
Элдин сүрөөнү кулак тунжуратат. Булар колуна баннерлерди көтөрүп Достук командасына жан тартууда - Sputnik Кыргызстан
11/18
Элдин сүрөөнү кулак тунжуратат. Булар колуна баннерлерди көтөрүп "Достук" командасына жан тартууда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ахилес" бул оюнда да алдына эч кимди чыгарбаган аргымак экенин дагы бир ирет дааналап көрсөттү
Ахилес бул оюнда да алдына эч кимди чыгарбаган аргымак экенин дагы бир ирет дааналап көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
12/18
"Ахилес" бул оюнда да алдына эч кимди чыгарбаган аргымак экенин дагы бир ирет дааналап көрсөттү
© Sputnik / Табылды КадырбековЖекеме-жекеге үч мүнөт убакыт берилет. Улактын салмагы 32-35 килограммды түзөт
Жекеме-жекеге үч мүнөт убакыт берилет. Улактын салмагы 32-35 килограммды түзөт - Sputnik Кыргызстан
13/18
Жекеме-жекеге үч мүнөт убакыт берилет. Улактын салмагы 32-35 килограммды түзөт
© Sputnik / Табылды КадырбековКүлүктөрдүн да, көк бөрүчүлөрдүн да каны кайнап, кыл чайнашкан учуру
Күлүктөрдүн да, көк бөрүчүлөрдүн да каны кайнап, кыл чайнашкан учуру - Sputnik Кыргызстан
14/18
Күлүктөрдүн да, көк бөрүчүлөрдүн да каны кайнап, кыл чайнашкан учуру
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңиштин даамын татып, кубанычын күйөрмандары менен бөлүшүп жаткан "Ынтымак" командасынын оюнчулары
Жеңиштин даамын татып, кубанычын күйөрмандары менен бөлүшүп жаткан Ынтымак командасынын оюнчулары - Sputnik Кыргызстан
15/18
Жеңиштин даамын татып, кубанычын күйөрмандары менен бөлүшүп жаткан "Ынтымак" командасынын оюнчулары
© Sputnik / Табылды КадырбековҮчүнчү орунду ээлеген "Биримдик Аю" командасына 100 миң сом, медаль, дипломдор ыйгарылды. Команданын капитаны — Улан Насакеев
Үчүнчү орунду ээлеген Биримдик Аю командасына 100 миң сом, медаль, дипломдор ыйгарылды. Команданын капитаны — Улан Насакеев - Sputnik Кыргызстан
16/18
Үчүнчү орунду ээлеген "Биримдик Аю" командасына 100 миң сом, медаль, дипломдор ыйгарылды. Команданын капитаны — Улан Насакеев
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкинчи орунду камсыздаган "Достукка" 200 миң сом, медаль, дипломдор тапшырылды. Сыйлыкты команданын капитаны Байыш Ниязов алды.
Экинчи орунду камсыздаган Достукка 200 миң сом, медаль, дипломдор тапшырылды. Сыйлыкты команданын капитаны Байыш Ниязов алды. - Sputnik Кыргызстан
17/18
Экинчи орунду камсыздаган "Достукка" 200 миң сом, медаль, дипломдор тапшырылды. Сыйлыкты команданын капитаны Байыш Ниязов алды.
© Sputnik / Табылды КадырбековБаш байге ээси "Ынтымак" командасы 400 миң сом, медаль, дипломдор менен сыйланды. Байгелерди премьер-министр Сапар Исаков команданын капитаны Марлис Койгелдиевге тапшырды.
Баш байге ээси Ынтымак командасы 400 миң сом, медаль, дипломдор менен сыйланды. Байгелерди премьер-министр Сапар Исаков команданын капитаны Марлис Койгелдиевге тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
18/18
Баш байге ээси "Ынтымак" командасы 400 миң сом, медаль, дипломдор менен сыйланды. Байгелерди премьер-министр Сапар Исаков команданын капитаны Марлис Койгелдиевге тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0