Мамкаттоо жаңы паспорттун үлгүсүндөгү катаны пиар ыкма деп сыпаттады

Кишилер документти көпкө чейин талкуулашы үчүн мекеме катаны атайылап кетирген
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун үлгүсүндөгү катаны атайылап жасаганын мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Мамкаттоо буга чейин жалпы жарандык биометрикалык паспорттун үлгүсүн көрсөткөн. Анда "дипломаттык" дегендин ордуна "дипоматтык" деп жазылып калган.

"Биз муну атайылап жасаганбыз. Аны көп кишилер көрүп узак убакытка чейин талкуулашы үчүн пиар кадам болчу. Бул болгону долбоор, ал дагы уланат. Балким жакшы дизайн дагы сунушталып калышы мүмкүн", — деп маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынан буга чейин да никелешүү тууралуу бланкаларында атайылап ката кетирилгенин билдиришип "көптөгөн сунуштар келгенин" кошумчалашты.