Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиев: патрулдук милиция планшеттик компьютер колдоно баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин ЖКККББ жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив
ИИМдин ЖКККББ жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин ЖКККББ жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен коомдук тартипти көзөмөлдөө башкармалыгы биригип, жаңыча иш алып бара тургандыгын айтты.
Сатыбалдиев: патрулдук милиция планшеттик компьютер колдоно баштайт

Унаа кырсыгы болгон учурда качып кетип машинасын оңдоткон айдоочуларга чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта патрулдук милиция мамлекеттик каттоодон айдоочунун унаасы тууралуу маалыматты онлайн режимде ала алышат.

"Мыйзам бузуулар кодексиндеги айып пулдарды өзгөртүп, анын санкцияларын карап чыгуу маселеси каралып жатат. Мас абалда болгондугун аныктоочу алкотестерлерди киргизүү боюнча токтом даярдаганбыз. Бизде жакында пилоттук долбоор иштейт. Ага ылайык, коомдук жайларда коопсуздукту жана жол эрежелерин сактоо, 102 кызматы аркылуу тез арада кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жаңы башкармалык түзүлүп жатат. Андан тышкары, унаа кырсыгы болгон учурда көбү качып кетет. Жеке секторлорго барып машинасын оңдоткондор катуу көзөмөлгө алынат. Эгер ИИМ кызматкерлери тарабынан берилген маалым каты жок унаасын оңдоткону барса айып пулга жыгылат. Санариптештирүүнүн алкагында планшеттик компьютерлер алынат. Ал патрулдук транспорт каражаттарына коюлат да, Мамкаттоодон онлайн режимде маалымат алып, мыйзам бузган айдоочуларды билип турабыз", — деди Сатыбалдиев.

Ал айдоочуларды алардын жалпы милдеттери жана жол эрежелери боюнча китептерди ачып окуп коюп турууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0