Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусуралиев: ЭКСПОдо Кыргызстандын суу потенциалына кызыккандар көп болду

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваВице-президент ТПП КР Нурлан Мусуралиев
Вице-президент ТПП КР Нурлан Мусуралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын павильонуна 93 күн ичинде жарым миллиондон ашык адам кирген.
Мусуралиев: ЭКСПОдо Кыргызстандын суу потенциалына кызыккандар көп болду

Астанада өткөн "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүндө Индия, Түркия жана Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү Кыргызстандын суу потенциалына кызыгып кетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өлкөнүн Соода жана өнөр жай палатасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди.

Анын айтымында, жакын арада бул багытта келишимдер түзүлүп калышы ыктымал.

"ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсү "Келечектин энергиясы" деп аталгандыктан биз негизги басымды суу энергиясына жасадык. Анткени Кыргызстанда суу көп, бирок биз учурда анын 10 пайызын эле колдонуп жатабыз. Келген конокторго интерактивдүү экрандардан суу энергиясын өнүктүрүү боюнча программаларды көрсөтсөк, Индия, Түркия жана Европа мамлекеттиринин өкүлдөрү абдан кызыгып кетишти. Мындан тышкары, JIKA долбоорунун колдоосу менен "Шоро" компаниясынын суусундуктарын, Ысык-Көлдүн кыямын, кыргыз балын жана кургак жемиштерди алып келип даамын таттырдык", — деди Мусуралиев.

Ал ошондой эле 93 күн ичинде Кыргызстандын павильонуна жарым миллионго чукул адам келгенин кошумчалап кетти.

Эске салсак, "Келечектин энергиясы" аталышындагы "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсү 10-июнда ачылып, 10-сентябрда расмий жабылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0