Өкмөт быйыл саламаттыкты сактоо тармагына канча акча бөлүнгөнүн жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековНационльная валюта Кыргызской Республики
Национльная валюта Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га байланыштуу иш-чараларды каржылоо өз убагында жана тийиштүү көлөмдө ишке ашып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өкмөт саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнүп жаткан каражат боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын республикалык бюджеттен саламаттыкты сактоо тармагына 6,6 миллиард сом (Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун 18,1 миллиард сом трансферти менен) каралган. Ал эми былтыр 3,6 миллиард сом бөлүнгөн.

"COVID-19 пандемиясы өлкөнүн экономикалык абалына гана таасирин тийгизип, элдин жашоосуна бир кыйла түзөтүүлөрдү алып келүү менен чектелген жок. Ал бардык мамлекеттик органдардын ишине, республикалык бюджетти түзгөн салык жана бажы алымдарын жыйноого таасир берди. Бирок COVID-19га байланыштуу иш-чараларды каржылоо өз убагында жана тийиштүү көлөмдө ишке ашырылууда", — деп айтылат маалыматта.

COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди

Өлкөдө түзүлгөн жагдайга карабастан белгиленген компенсацияларды жана коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн быйыл бюджеттен 243,3 миллион сом бөлүнгөнү айтылат.

Мындан тышкары, жасалма дем алдыруучу жабдуулары, мобилдик кычкылтек концентраторлору, жеке коргонуу каражаттары, керектүү медициналык дары-дармектер жана гигиена каражаттары сатып алынып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0