Жаан карга айланабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Асель АкматалиеваСнегопад в Бишкеке
Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки аптада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 2-ноябрга чейинки аба ырайы божомолун жарыялады.

29-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаашы күтүлсө, калган аймактарда күн ачык болот. Ал эми түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорго кар түшөт.

30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

1-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан карга айланып, айрым жерлерде жаан катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 17-22 метрге чейин жетет.

Бишкекте 29-октябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. 29-октябрда күндүз жана 30-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

Ал эми Ош шаарында 29-октябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз жана 30-октябрда жаан-чачын болбойт. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0